Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Майып балдардын жеке жардамчылары 4900 сом алышат

Жеке жардамчынын кызматы 2019-жылдын 1-январынан тартып киргизилген

Кыргызстанда 7056 жеке жардамчы сыртынан туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж 7198 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызмат көрсөтөт.

Жеке жардамчынын кызматы үчүн ай сайынкы төлөм 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полисин райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери республикалык бюджеттин эсебинен алышат.

Эске салсак, Кыргызстанда ар бир баланын үй-бүлөлүк чөйрөгө болгон укугун ишке ашырууга көмөктөшүү жана балдары бар ата-энелерге / өзүн-өзү тейлей албаган балдары бар ата-энелерге колдоо көрсөтүү максатында 2019-жылдын 1-январында жаңы жеке жардамчы кызматы ишке киргизилген. Жеке жардамчы балдарды кароо боюнча социалдык жана үй кызматтарын көрсөтүүдөн тышкары, балага реабилитациялоонун жеке программасын (ИПР) жүзөгө ашырууга жардам берет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх