Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядан Кыргызстанга 25 автобус менен мекендештер келди

Оренбург облусунан 1563 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн, 28-августта, Россиянын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын 1563 жараны менен 25 автобустун экинчи колоннасы Кыргызстанга келди.

Бир күн мурун, 1715 мекендешибиз менен 29 автобустун биринчи колоннасы Кыргыз Республикасына келгени маалымдалган.

Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын орус-казак мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин жүрбөөгө чакырат.

Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу максатында Россиядан чартердик рейстердин саны бир кыйла көбөйтүлүп, Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан үзгүлтүксүз учуп келгенин эскертет.
Бүгүнкү күндө бул авиакомпаниялардын Бишкек жана Ош шаарларына учуулары Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда, 27-августтан баштап авиабилеттерди кассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарынан алыстан сатып алсаңыз болот.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх