Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт министрлигине Дыйкан айылы менен "Кара-Кече" көмүр кенинин ортосуна жол ачуу тапшырмасы берилди

Буга чейин катуу жааган жаандан улам аталган аймакта таштар кулаган

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Дыйкан айылы жана Кара-Кече кени ортосундагы убактылуу жолду ачуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кыска мөөнөттө «Кара-Кече» көмүр кенинен көмүр ташууну өз учурунда камсыздоо максатында унаа каттамын калыбына келтирүү тапшырылды. Мындан тышкары, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКга кыска мөөнөттө көмүр кенине электр энергиясын берүүчү түркүктөрдү калыбына келтирүү тапшырылды.

Белгилесек, мындан мурда катуу жааган жаан-чачындан улам Дыйкан - Кара-Кече унаа жолунун тилкесинде таш кулап, натыйжада, 300 миң метр куб көлөмүндөгү шиленди пайда болгон. Анын ксепетинен электр түркүктөрү жабыркап, «Кара-Кече» көмүр кенинин борбордук кен казуучу жерине жол жабылган.

Мамлекеттик аппарат маалыматтык камсыздоо бөлүмү
photo www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх