Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги 1-класстын окуучулары үчүн мектептеги биринчи күн "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада сабак менен башталды

Коопсуздукту сактоо үчүн  бүгүн салтанаттуу чогулуш болгон жок

Бүгүн 1-сентябрда борбор калаанын мектептеринде биринчи коңгуроо кагылды, бирок мектепке 19 миңден ашуун биринчи класстын окуучулары гана  келишти.

Пандемиянын кесепетинен  салтанаттуу чогулуш болгон жок.

Биринчи класстын окуучуларын Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, борбордук мэриянын башчысы Адилет Малдыбаев жана район акимдери тосуп алышып, аларды класстарга узатышты.

Биринчи сабак "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада болуп, балдар үчүн мектеп боюнча экскурсия өткөрүлдү.

Балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн мектепте санитардык эрежелери так сакталды: жайларды дезинфекциялоо, тепловизорлордун болушу, мектептин кире беришинде хлордуу килемче, гигиеналык жана антисептикалык каражаттар.

Эске салсак, буга чейин башталгыч класстардын мугалимдери жана алардын 500дөн ашыгы ПЦР тесттеринен өткөн.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх