Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 3-сентябрга карата коронавирус жана пневмониянын 99 жаңы учуру катталды

Акыркы суткада вирус жуктуруп алган мед кызматкерлери катталган жок .Коронавирустун өлүмү катталган жок.

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын 99 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

3-сентябрга карата Бишкек шаарында 17 адам, Ош шаарында 2 учур, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 11, Нарын облусунда 4 адам, Ысык-Көл облусунда 16 учур, Жалал-Абад облусунда 20 адам, Баткенде - 20

Бадыгы 44 миң 135 адам ооруну жуктурган. Өткөн суткада 279 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды.Ушул  мезгилге чейин  39 миң 174 адам айыккан. Акыркы суткада медициналык кызматкерлерден коронавируска чалдыккан катталган жок.

Акыркы күндо 1 медициналык кызматкер айыгып  ооруканадан чыгарылды. 9 медициналык кызматкер үйдөгү изоляциядан чыгарылды.

COVID-19 диагнозу коюлган жалпы дарыгерлердин саны 3136 учурду түзөт, алардын 2506сы айыгып ооруканалардан чыгарылды.

Акыркы суткада коронавирустун өлүмү катталган жок.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх