Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ак-Кула" ат майданы толугу менен шаардын карамагына өткөрүлүп берилди

Буга узак соттук териштирүүлөрдөн кийин жетишти.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев Ак-Кула ат майданында калган талаштуу жерлерди шаарга кайтаруу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Борбор калаанын муниципалитети "Кадастр" ГУ КФ кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чектерин аныктоо жана курулуштарды техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүштү.

Ченөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объекттерине мамлекеттик актылар жана техникалык паспорттор алынат.

Эске салсак, бир жолу жалпы аянты 57,4 гектарды түзгөн ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көзкарандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

Мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу, Ленин районунун прокуратурасы мэриянын чечимдерин жана жеке менчик укугуна байланыштуу мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына 33 доо арыз берген.

Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин мэрия 54,9431 га жерди шаардын балансына кайтарып берди, калган жер тилкелери боюнча сот иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх