Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы бир оорукана COVID-19 айыгып чыккан акыркы бейтап менен коштошту

Пандемия мезгилинде Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бекитилди

 Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунда дарыланган акыркы пациент үйүнө чыгарылган. COVID-19 пандемиясынын мезгилинде эки медициналык мекеме Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү Министрлигине бекитилген: Кыргыз Курортология жана Калыбына келтирүү Илимий-изилдөө Институту жана Улуттук Онкология жана Гематология Борбору .

2020-жылдын 8-июлунан баштап көзөмөлдөө мезгилинде аталган мекемелерге коронавирус инфекциясы менен 1116 адам кабыл алынган. Алардын 1079у айыгып, 37си көз жумган.

 

КР МТС басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх