Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 15-сентябрга карата COVID-19дун 71 жаңы учуру аныкталды

Дарыгерлерди Бишкек шаары , Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырууда

15-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмониянын 71 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 13, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 4, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 6, Жалал-Абад облусунда - 10, Баткен облусунда - 23 жаран ... Алардын арасында эки фельдшер бар.

80 адам ооруканадан айыгып чыгарылды. Клиникаларда 502 бейтап дарыланып жатышат.

Акыркы суткада адам өмүрүн алган факт катталган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, оорулардын көрсөткүчү төмөндөй баштады.

Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, учурда дарыгерлерди Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек тынчсыздандырууда. Ал жерде оорунун көрсөткүчү республика боюнча жогору.

«100 миң адамга туура келген көрсөткүчтү карасаңыз, үч аймакта кооптуулук бар. Өлкө боюнча көрсөткүч 7 болгондо, анда Баткен облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 11, Бишкекте - 11 оору жуккан », - деди Саламаттыкты сактоо министри.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх