Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мугалимдери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт

Борбор калаада мектеп окуучулары арасында дил баяндар сынагы өтүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин мектеп окуучулары арасында "Китеп-билим булагы" сынагын өткөрүп жатат.

Мурунку күнү 6дан 11-класстын окуучулары арасында биринчи райондук тур болуп, мелдеш санитардык эрежелерди так сактоо менен өттү.

Алтынчы класстар үчүн тапшырма даярдалды - "Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдүн жаңылбайм" (А. Осмонов) деген темада дилбаян даярдалды.

7-класстар А.Токомбаевдин "Күүнүн сыры", 8-класстарга - Ч.Айтматовдун "Эрте келген турналар" повести боюнча дилбаян жазышты, 9-11-класстарга чейин Т.Касымбековдун "Адам болгум келет" повестинин негизинде чыгармалар даярдалды.

Жобого ылайык, облустук сынакта биринчи орундарды алган мектеп окуучулары шаардык сынакка катыша алышат.

Жеңүүчүлөр - алдыңкы үч орундун ээлери белектер менен сыйланышса, мугалимдер Ысык-Көлгө эс алышат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх