Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 18-сентябрга карата COVID-19 жана пневмония менен 91 жаңы учур катталды

Акыркы сутка ичинде өлүм учуру катталган жок

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын 91 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

- Бишкек шаарында - 7 учур, Ошто - 3 адам, Чүй облусунда - 11, Ош облусунда - 15 учур, Таласта - 3, Нарын облусунда - 2 адам, Ысык-Көл облусунда - 15 инфекция, Жалал-Абад шаарында -Абад облусу - 15, Баткен облусу - 20 адам.

Республикада бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 45244 адамды түзөт. Өткөн суткада COVID-19 жугуштуу оорусунан жана пневмониядан өлүм учуру катталган жок. Үч медициналык кызматкер ооруну жуктуруп алгандардын тизмесине кирди- Баткен облусунда 2 адам, Жалал-Абад облусунда 1 дарыгер.

98 адам ооруканалардан айыгып  чыкты.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх