Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын вице-мэри мектептердеги мыйзамсыз төлөмдөрдүн фактыларын текшерүүдө

Эртең менен окуган 1-класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн текшерүү түшкү тамак убагында болгон

Борбор калаанын мектептеринде коомдук бирикмелердин мыйзамсыз каржылык иш-аракеттеринин көбөйүшүнө байланыштуу, Бишкек мэриясынын кызматкерлери социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева менен биргеликте №70, №61, №17 мектептерде текшерүү жүргүзүштү.

Эртең менен окуган 1-класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн текшерүү түшкү тамак учурунда болгон.
Белгилей кетчү нерсе, көптөгөн мектептерде төрага, бухгалтер жана кассирди шайлаган коомдук ата-энелер фондулары бар. Алардын бардыгы ата-энелер. Ар бир мектептин ата-энелер жамааты бул бирикмеге өз ыктыярлары менен кошулуп, каалашса банктар аркылуу өз салымдарын кошушат.

Каражатты ата-энелер өздөрү башкарат. Жылына бир жолу коллегия жалпы чогулуштарда отчет берет.

Адатта, мектептин жетекчиси ата-энелер комитетине тигил же бул шаймандарды сатып алуу, бир нерсени оңдоо, мугалимдерге, техникалык кызматкерлерге жана башка кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү өтүнүчү менен кайрылат. Ата-энелер фонду мектептин анча-мынча муктаждыктарына каражат бөлөт.

Баса, ар бир мектепте ата-энелер фондусунун ишмердүүлүгү боюнча документтер илинип турган маалыматтык стенд бар, ар бир кызыкдар ата-эне бардык маалыматтарды биле алышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх