Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун орточо суммасы 870 сомду түздү

90 миңден ашуун жаран баланын төрөлүшү үчүн бир жолку жөлөк пул алышты

2020-жылдын 1-сентябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү. Алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 322,2 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,2 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 92,2 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3082 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 5066,9 млн.сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2304,6 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 2389,8 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 372,5 млн.сом каржыланган.

КР ЭСӨМ басма соз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх