Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Kyrgyz Migrant: Telegramдагы жаңы чат-бот эмгек миграциясы боюнча эң маанилүү суроолорго жооп берет

Чат кыргыз жана орус тилдеринде иштейт

Кыргызстанда Telegramда баарлашуу боту иштей баштады, анда мигранттар тез-тез сураган суроолоруна жана тажрыйбалуу юристтерден жана психологдордон кеңеш ала алышат. KyrgyzMigrant.bot чатботу аркылуу сиз керектүү уюмдардын даректерин таба аласыз, талап кылынган документтер менен таанышып же юридикалык кеңеш ала аласыз. Чат кыргыз жана орус тилдеринде иштейт жана эмгек миграциясы маселелери боюнча юридикалык кеңештерди берүү жана коронавирус пандемиясынан жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Telegram баарлашуусу Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан "Борбор Азиядагы Коопсуз Миграция" долбоорунун колдоосу менен Карылар үчүн Ресурстук Борбор коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн.

KyrgyzMigrant.bot баарлашуу ботун колдонуу үчүн, сиз бул шилтемеге өтүп, же Telegram тиркемесиндеги издөө аркылуу таба аласыз.

Бул чат-боттун түзүлүшү коронавирус пандемиясы учурунда кыйынчылыктарга туш болгон кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн акысыз юридикалык жана психологиялык онлайн консультацияларды берүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Консультациялар социалдык тармактардагы инстаграмдагы (@salammigrantkg), Facebook (Salam Migrant group) жана Odnoklassniki (Salam Migrant) социалдык баракчалары аркылуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

2020-жылдын август айында ушул долбоор башталгандан бери 196 мигрант юридикалык жана психологиялык жардам алышкан. Эң көп берилген суроолор Россия Федерациясынын аймагындагы каттоону узартуу, паспортту жаңыртуу, каттамдарды калыбына келтирүү жана Россияга кайтып келип иштөө мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болду.

USAIDдин Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоору адам сатууга каршы күрөшүү, адам сатуунун курмандыктарын коргоо жана коопсуз миграцияны жайылтууга багытталган. Долбоор Winrock International тарабынан Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең ишке ашырылууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх