Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалгыз бой атасы баласынын көзүнүн көрүүсү үчүн күрөшөт. Кичинекей Нурханга тезинен операция жасатуу керек

 Апасы COVID-19дон көз жумду. Баланын көзү көрбөй калбашы үчүн,  1 миң 200 евро чогултуу керек

Үч айлык Нурхан Усупов көзүнө тезинен операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу анын атасы Адилет Усупов Vesti.kg сайтына билдирди.

Бала убактысына жетпей  кош бойлуулуктун 29-жумасында төрөлгөн. Буга байланыштуу, дарыгерлер эрте төрөлгөн ретинопатиянын 3-этабын аныкташты. Эми ымыркай көзгө тезинен операция жасатышы керек, болбосо көзү көрбөй калуу коркунучу бар.

"Тилекке каршы, менин аялым коронавирустун айынан каза болуп, мен жалгыз калдым" дейт баланын атасы. - Биздин дагы бир уулубуз бар, ал 2,5 жашта. Нурханга буга чейин Новосибирск жана Алматы шаарларында операция жасалган. Дагы бири Санкт-Петербург шаарына керек. Үчүнчү этап болгондуктан, көзүбүздү сактап калууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Адилет учурда иштебей жатат, анткени балдарды карап, операцияга даярдануу керек. Буга байланыштуу ал операциядан каражат чогултуу үчүн элден жардам сурайт.

"Ага чейин туугандарым мага жардам беришкен. Алгачкы эки операциянын акчасын төлөп берген", - деп эскерет Адилет. «Бирок, алар улам жардам бере алышпайт, ошондуктан мен элден жардам сурайм. Операцияны жасаш үчүн 1 миң 200 евро керек.

0507 444 020 номери аркылуу Элсом мобилдик банкинг аркылуу Нурханга операция жүргүзүү үчүн каражат которсоңуз болот.

Ошондой эле, банк эсебин ачкан: 4177490146852704

Гулиза Чудубаева
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх