Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: "Глобус" жана "Фрунзе" жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө

Супермаркеттерде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек мэриясы шаардын жарандарынын коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды бузуучулардан шаарды коргоону улантууда.

Райондук акимиаттардын мобилдик бригадалары ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттерге барып, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Мунун алдында Биринчи Май акимиатынын кызматкерлери РИИБдин кызматкерлери жана ЦГСЕН менен биргеликте Глобус жана Фрунзе ири соода түйүндөрүн текшерүү жүргүзүштү.

Бир катар мыйзам бузуулар аныкталды:дезинфекциялык каражаттар , дезинфекциялык коверлор жок, температура өлчөгүч жок, колго антисептик колдонулбайт. Анын үстүнө, көпчүлүк сатып алуучулар соода борборлорунда беткапсыз жүрүшөт, айрым кассирлер дагы буга көңүл бурушкан эмес.

Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын санитардык дарыгерлери Глобус жана Фрунзе амагазиндеринин администрациясына карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренесине ылайык, экинчи категориядагы айып пул салуу менен административдик протоколдорду түзүштү.

Санитардык рейддер улантылууда жана күн сайын болуп турат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх