Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер: Тез жардам борборунун ишин жакшыртуу керек

"Оорулуу бейтап менен шаарды кыдырууга, ошондой эле ар бир оорукананын босогосунан бейтапты кабыл алууну суранууга болбойт"

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун мындан аркы иши талкууланды.

«Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек. Сөз бардык медициналык мекемелер менен өз-ара аракеттешүү механизмин жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу жүрүүдө. Эгерде тез жардам көрсөтүүчү врач бейтапты ооруканага жаткыруну чечсе, диспетчер он-лайн койко-орундардын эсеп тутумуна ылайык, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери медициналык тез жардам дарыгерлеринин талаптарын токтоосуз аткаруусу тийиш. Бардык ооруканалардын, медициналык борборлордун, клиникалардын жетекчилерин чогултуп, бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырам. Оорулуу менен шаар аралап жана ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алуусун өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши керек. Силер бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен алдыңыздарда бир гана милдет – бейтаптын өмүрүн сактап калуу маселеси турушу керек. Эскертип кетсем, учурда өлкөгө жаңы тез жардам унаалары аланып келинүүдө, бирок адистердин жетишсиздиги байкалууда. Дарыгер-фельдшерлердин маселеси ыкчам түрдө чечилиши кажет», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алуунү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ар-бир медициналык мекеменин тизими боюнча электрондук маалыматтар базасы үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алыкагында да маанилүү саналат. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде тигил, же бул медициналык мекемелерде бош койко-орундарды көзөмөлдөп турат», - деди Премьер-министр.

Ошондой эле Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо жана профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

КР ӨКМӨТҮНҮН басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх