Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Даниэль Ажиев СИЗО-1ден Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага которулду

ЖАМК веб-камера студиясынын мурунку ээсинин абалы канчалык деңгээлде оор экендигин билдире алган жок

Улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган ишкер, веб-камера студиясынын мурунку ээси Даниэль Ажиев 3-сентябрда СИЗО-1ден Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасына которулган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.

Ошол эле учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Ажиевди психиатриялык ооруканада кармоо даражасынын оордугу жөнүндө маалымат бербей, аны медициналык мекеменин өзүнө кайрылууну өтүндү.

Эске салсак, август айынын аягында Даниэль Ажиевдин жакындары ата-мекендик маалымат каражаттарына веб-камера студиясынын мурунку ээси психиатриялык дарыланууга муктаж экендигин билдиришкен. Буга байланыштуу жигитке козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулуп, эксперттик корутунду сотко өткөрүлүп берилди. Бирок, ошол учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Ажиев дагы деле СИЗОдо-1 деп билдирди.

Даниэль Ажиев 2018-жылы веб-камера студиясын тейлегендиги үчүн соттолгон. Жигит күнөөсүн мойнуна алды.

2020-жылдын март айында ал расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалган. Буга чейин Ажиев Instagram социалдык тармагына  кыргыз элин кемсинткен видео кайрылуусун жарыялаган.

Медина Купсулдаева


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх