Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус инфекциясынын 207 жаңы учуру катталды

Бир суткада жүздөн ашуун бейтап ооруканадан чыгарылды

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 207 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкекте - 26 адам, Чүй облусунда - 8, Ошто - 4, Ош облусунда - 34, Баткенде - 75, Таласта - 4, Ысык-Көлдө - 9, Нарында бирөө жана Жалал-Абадда 46 адам.

207 адамдын 9у медициналык кызматкерлер: бирөөсү Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, алтоо Баткен облусунда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө республикада коронавирустук инфекциянын 47 миң 635 учуру катталды, алардын 3 миң 327си оорулуу дарыгерлер.
5-октябрга карата жалпысынан COVID-19дон жана коомдук жугуштуу пневмониядан 1 миң 66 өлүм катталды.

Бир күндүн ичинде 103 бейтап ооруканадан чыгарылды: Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 23, Ош облусунда 36, Баткенде 13, Жалал-Абадда 8, Нарында 3, Ысык-Көлдө 2 жана Талас облусунда 5. ... Алардын 3ү медициналык кызматкерлер. Мындан тышкары, 7 дарыгер үчүн үйдөн өзүн изоляциялоо мезгили аяктады.

Жалпысынан өлкө боюнча 43 миң 521 бейтап айыгып, чыгарылды, анын ичинен 3 миң 59 дарыгер.

Стационардык дарылоодо 1 миң 123 бейтап, амбулатордук - 1 миң 470 бейтапты түзөт.

2020-жылдын 29-сентябрынан 5-октябрына чейин коронавирус инфекциясы боюнча 8804 лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх