Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда педагогикалык адистиктин студенттери үчүн стипендиянын көлөмүн 100% га көбөйттү

Бул мектеп бүтүрүүчүлөрүн педагогикалык адистиктерге тапшырууга үндөөгө багытталган

2020-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508 токтомунун негизинде орто жана жогорку окуу жайларда педагогикалык кесиптер боюнча окуп жаткан студенттерге стипендиянын өлчөмү 100% көбөйтүлдү.

Стипендиянын көлөмүнүн көбөйүшү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын педагогикалык адистиктерине тапшырууга түрткү берет жана мектептерди, биринчи кезекте айыл жериндеги педагогикалык кадрлар менен камсыз кылууну жакшыртат.

Студенттер үчүн стипендиянын өлчөмү:

- жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында жогорулаганга чейин - 800 сом, көтөрүлгөндөн кийин – 1 600 сом;

- орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жогорулаганга чейин - 720 сом, жогорулагандан кийин – 1 440 сом.

Студенттердин стипендиясын 100%га көбөйтүүгө 2020-жылдын 4 айына 10 817,6 миң сом талап кылынат. Тиешелүү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каралган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх