Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Учурдагы кырдаалга карабастан пенсиялар, жөлөкпулдар, айлыктар төлөнүп берилиши керек

"Ошондой эле, пандемияны жеңүү жана күз-кыш мезгилине байланыштуу чыгымдар артыкчылыктуу болуп саналат"

Учурдагы абалга карабастан, пенсия, жөлөкпулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди. 

«2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээли боюнча ирээттелиши керек. Ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгым беренелери убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жана социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылат. Ошондой эле пандемияга каршы күрөшүүгө жана күз-кыш мезгилине даярдыкка тийиштүү артыкчылыктуу чыгымдар аткарылат.  Бизде акыркы окуяларга байланыштуу пайда болгон айрым пугкттар боюнча кармоолор бар, бирок социалдык төлөмдөргө каражаттар бар жана алар өз дарегине жеткирилет», - деди вице-премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди караштыруу керектиги белгиленди. 

«Бул процессте Бажы жана Салык кызматы негизги ролду ойнойт. Бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири – фискалдаштыруу тутумун киргизүү. Бул мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана эмес, ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө да жардам берет. Бажы кызматы жөнүндө айта турган болсок, бул жерде башка өлкөлөрдө жакшы натыйжаларды көрсөткөн программаларды киргизүү маанилүү», - деди вице-премьер-министр.

Жыйындын катышуучулары инвестициялык программаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга бул объекттерге көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх