Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ жарандарды Бишкектеги коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат

Кыргызстан боюнча абал туруктуу бойдон калууда жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери толугу менен көзөмөлдөп турушат

Бишкек шаарында киргизилген учурдагы кырдаалдын жана өзгөчө кырдаалдын шарттарында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирдикте кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча тутумдуу иш алып барышат.

Ошентип, республикада бир сутка ичинде, 12-октябрда 303 кылмыш жана тартип бузуулар катталды. Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ДНДнын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт.

Өлкөдөгү ыкчам кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат.

Ички иштер министрлиги жарандарды Бишкек шаарында орнотулган Өзгөчө кырдаал жана Коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, белгиленген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, толук жоопкерчилик менен мамиле жасоону суранабыз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх