Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бек Борбиев: Сооронбай Жээнбеков отставкага кетиши керек

Белгилүү эстрада ырчысы Бек Борбиев Instagram баракчасында президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетиши керек деп жарыялады.
Урматтуу достор!
Учурдагы кырдаал боюнча эки соз
Сооронбай Жээнбеков созсуз кызматын тапшырышы керек, бирок... Бирок олкону мыйзам талаасына киргизип коюп кетуу керектигин юрист эмес, жонокой адам деле тушунуп турат. Моонотунун акырына чейин иштесин дегендерди колдой албайм, Ак уй орттонду, ага моралдык укугу калган жок
Экинчи соз, Раим досун кайда? Эмне болду досчулугун дегендерге
Ал мага эч качан кайда жургону боюнча отчет берген эмес
Ал эми мамиле кандай болсо ошондой сакталып калса керек
Менин досторумдун алды премьер министр, генеральный прокурор, ж. б чон кызматтарда болгон, ал эми кээ бири тескерисинче кырсыктап коп жылдан бери турмодо олтурат. Кээ бир досторум бул дуйно менен кош айтышып кеткен. Кандай шартта болсо да алар менин досторум бойдон кала бермекчи. Бул эми ар бир эркекте болгон касиет деп билем, тушунгондор тушунот
Жакында болуп откон революция, мен тортунчусу деп эсептейм. Биринчи 2005- жыл, 2010- жыл, анан 2017- жылкы кансыз революция. Дал ошол революцияда кыргызга келген Атамбаев деген кырсыктан кутулганбыз (ал учун Жээнбековго рахмат). Ал эми тортунчусу жакындагы болуп откон акыл эстин тонкорушу. Мурдагы революциялардан айырмасы - жалпы эл которулду, Ала тоонун кырк аймагы козголду, мурда мындай болгон эмес, билебиз
Эл олкону «приватизация» кылып алган партиялык байларга, коррупционерлерге, алдамчыларга каршы баш которду. Алар азыр кучтуу, акчалары коп, ошондуктан Садыр Жапаровго жана анын командасына абдан кыйын болот, жалпы элдин колдоосу болбосо, жыгылып бериши мункун. Андыктан кудай колдосун, куч кубат берсин демекчимин
Садырды колдоп эми чыга калды дегендерге айтаарым, башынан эле колдоп келгем, аны ушул фб баракчамды барактап окусаныздар болот. 5- октярда эле пост жазайын деп токтоп калдым эле, зыяным тийип калбасын деп. Райымдын досу, Бакиевчил болгон Бек Жапаровду колдоп атат деп кыйкырып чыккандар болмок. Эми деле чыгышат, анткени казынага кол салган уурулар чындыгында Садырдан коркушат
Мен - саясатчы эмесмин, ыр дуйносундогу -саякатчымын. Андыктан бул пост менин жеке ой жугуртуум, журоко жакын кабыл албаныздар
Жергебиздеги бейпилдик, келечек ар бир жарандан байланыштуу экенин, откон шайлоо айгинеледи, жоопкерчилик баарыбызда
Кыргызстан- баарыбызга керек!
Манас Кольбаев
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх