Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыркы суткада Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан көз жумду

16-октябрга карата COVID-19дун 388 жаңы учуру катталды

Акыркы суткада Кыргызстанда  коронавирус жана пневмониянын 388 жаңы учурлары аныкталды. COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 70 учур, Ошто - 44, Чүй облусунда - 34, Ош облусунда - 147 адам, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 15 адам, Жалал-Абад облусунда - 65 учур, Баткен облусунда. - 52 жуккан.

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 4 адам каза болду. Эки бейтап Ош облусунда, экөө Баткен облусунда. Бардык мезгилде каза болгондордун жалпы саны 1103тү түзөт.

Жаңы жуккандардын арасында 20 дарыгер бар. 208 адам ооруканалардан чыгарылды.

Гулиза Чудубаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх