Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги паркта пианинону сындырган вандалдар жаңы музыкалык аспапты орнотушту

Театрдын бакчасы кайрадан шаардыктарды музыкалык симфония менен тосуп алат

Туура бир ай мурун Театр багында белгисиз адамдар шаар бийлиги былтыр шаардыктар үчүн орноткон пианинону сындырып кетишкен.

"Бишкекжашылдандыруу" ЖКнын кызматкерлери изин суутпай кармап калышты. Муниципалитет укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бир айдан кийин,тартип бузгандар дагы бир жаңы пианинону орнотушту, анткени эскиси тилекке каршы калыбына келтирилбей калды.

Аспап сыноодон өтүп, күүлөнүп, шаардыктарды музыкалык маанай менен кубантууга даяр.

Урматтуу жарандар! Муниципалдык менчикке жана шаарга жакшы кам көрүүнү суранабыз. Эгерде сиз тартиптин бузулушуна күбө болсоңуз, анда дароо полицияга кайрылыңыз: 102.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх