Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир суткада 23-октябрга карата 582 жаңы COVID-19 учуру катталган

Бир күндө 4 өлүм учуру катталды

Кыргызстанда 23-октябрга карата COVID-19дун  582 жаңы учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 63, Ошто - 59, Чүй облусунда - 81, Ош облусунда - 127, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 113 адам.

Алардын арасында беш саламаттыкты сактоо кызматкери бар.

Күндүн ичинде 324 жаран айыгып чыгышты.

Стационардык дарылоо - 3139 бейтап, амбулатордук - 2719.

Бир суткада 4 өлүм катталды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх