Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдар үчүн ишеним телефондорунун борборуна күнүнө 300дөн ашуун чалуулар келип түшөт

Жалпысынан быйыл Балдар үчүн ишеним телефонго 119 178 телефон чалуулар болгон

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 10 айында 119178 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 390 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 4731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 884 же 18,7% жаш балдардан, ал эми 3847 же 81,3% чоң адамдардан). Анын ичинен 3800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 521 абонентке психологиялык консультация берилди, 410 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

4731 чалуунун  ичинен эркектерден – 1087 (же 22,9%), аялдардан – 3644 (же 77,1%), балдардан– 884: анын ичинен эркек балдардан – 260 (же 29,4%), кыздардан- 624 (же 70,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 1199; 

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 1080;

– социалдык жардам сурап – 492;

– психологиялык жабырлануудан – 396;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 234;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 241;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 228;

– ар кандай суроолор менен – 200;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 178;

– медициналык камсыздоо боюнча – 163;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 107;

– билим берүү системасы боюнча – 101;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 91;

– суицид боюнча – 17;

– мектептеги рэкет тууралуу – 4.

 Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

КР ЭСӨМ басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх