16-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмониянын 479 учурлары катталды
Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду
Өткөн суткада республикада COVID-19 жана пневмониянын 479 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабынан билдиришти.
Бишкек - 169
Ош - 26
Чүй облусу - 77
Ош облусу - 15
Талас облусу - 23
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу - 59
Жалал-Абад облусу - 64
Баткен району - 45
Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 66 983. Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду - экөө Бишкекте, дагы экөө Талас облусунда.
439 адам ооруканалардан чыгарылды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз