Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Альянс Алтын" компаниясы Талас районунун айылдарынын бириндеги көчөлөрдү жарыктандырууга жардам берди (видео)

Аткарылган долбоор кылмыштардын жана жол кырсыктарынын алдын алууга жардам берет

Талас облусун өнүктүрүү фонду "Альянс Алтын" компаниясы каржылаган эки долбоорду жактырды. Бул тууралуу Өзгөрүш айылынын айылдык кеңешинин төрагасы Абдысапар Атамбеков билдирди.

Анын айтымында, долбоорлордун бири көчөлөрдү жарыктандыруу болуп, ага 2 млн 600 миң сом сарпталды.

"Биринчи пилоттук долбоор биздин айылда ишке ашырылды" дейт Атамбеков. - Бул кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алган ушундай пайдалуу долбоор.

Экинчи жактырылган долбоор 2 миллион 710 миң сомду түздү. Бул Өзгөрүш айылында кичи футбол аянтчасынын ачылышы.

"Биздин жаштар азыр ошол жерде эс алып, ар кандай иш-чараларды өткөрө алышат", - деп кубанды айылдык кеңештин төрагасы, - Мындан тышкары фонддун эсебинен жергиликтүү спортзал үчүн спорттук шаймандарды сатып алдык.


Гулиза Чудубаева
"Альянс Алтын" сүрөт жана видео



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх