Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЮСАИД КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам берди

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери көрсөтүлгөн жардам үчүн долбоорго ыраазычылыгын билдирди

USAIDдин жергиликтүү саламаттыкты сактоо тутумун туруктуу өнүктүрүү долбоору (LHSS) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга жеке коргонуу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардам берди.

 

Гуманитардык жардам менен 3 миң медициналык маска, 1000 FFP3 респиратору, 600 бир жолу колдонулуучу хирургиялык халаттар, 600 EN14605 жапкыч, 420 көз айнек, 800 таңгак мээлей жана 700 антисептик берилди.

 

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Манаев саламаттыкты сактоо тармагына COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн долбоорго терең ыраазычылыгын билдирди.

 КР СС министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх