Кыргызстанда 1-декабрга карата COVID-19дун 371 жаңы учуру катталды
4 өлүм учуру катталды
Кыргызстанда 1-декабрга карата COVID-19 оорусунун жаңы 371 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 69, Ошто - 3, Чүй облусунда - 126, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 11, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 36, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 26 адам. Алардын арасында 10 саламаттыкты сактоо кызматкерлери бар.
562 жаран айыгып чыкты.
Стационардык дарылоо - 2636 бейтап, амбулатордук - 3765.
4 өлүм катталды.
Алина Осмонова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз