Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайгалакта жыгылганда эмне кылуу керек? Бишкекте бир нече күндүн ичинде тез жардам бөлүмүнө 7 жаран кайрылды

Буттарыңызды бийик көтөрбөшүңүз керек. Лыжачы сыяктуу кыймылдаңыз

Бишкек шаарындагы Медициналык консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Назгүл Алиаскарованын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин, шаардык травматологиялык пунктка тайгак жолдун кесепетинен жаракат алган 7 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан, алардын ичинен:

дененин жогорку бөлүгүнүн сыныктары менен - 4 адам,

эттин чоюулуп калышы жана жаракалар менен -3 адам.

Маалымат үчүн:

Кыш мезгилинде айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын төмөндүгү жана этияттык. Ал эми жөө жүрүүчүлөр тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек:

Сактык жана этият болуу – бул тайгаланып жыгылып кетүү коркунучу бар учурдагы жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак көчөдө кетип бара жатканда шашпагыла, кескин кыймыл аракет кылбагыла, дайыма алды жагынарды карагыла; айлананы кароо керек болсо, басып бара жатып эмес, токтоп туруп караганга аракет кылгыла. Басып бара жатканда буттун кыймылы эркин болуп, тизе бир аз бүгүлгөн абалда болушу керек, дене бир аз алдыга умтулуп турушу керек. Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң коркунуч жаратат: жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калууңуз мүмкүн. Улгайган адамдарга башына желим капталган аса таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча алыс кармануу керек. Ошол эле учурда чатырында муздар тоңуп калган имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы.

Жолду кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат. Андыктан, тайгалак тепкичтер менен түшүүдө бутту тепкичке бойлото коюу керек, себеби бул тең салмактыкты жоготкон учурда ылдый көздөй кылдаттык менен жылмышып түшүүгө жардам берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин кургак таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла). Көчөгө чыгаардын алдында бут кийимдин таманын наждак кагазы менен сүртүп койсоңуз да жардам берет.

Эгерде жыгылуунун алдын алуу мүмкүн болбой калса..

Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек. Жөө жүрүүдө буттар бир аз бошоң, кол эркин болушу керек. Эгер сиз тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун бийиктикти азайтуу үчүн дароо отуруңуз.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди сезип турсаңыз, хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх