Кыргызстанда коронавирусту аныктоо боюнча жаңы тез тесттер пайда болду
Жарым сааттын ичинде оорунун бар экендигин аныктоого болот
Кыргызстанда COVID-19 диагнозун аныктоочу ыкчам тесттер (Ag-RDTs) болот. Бул тууралуу өнөктөштүк тармактар ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев социалдык тармакка жазып чыкты.
Тесттер Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Альянс жана ПРООН менен биргеликте сатылып алынган.
«Алардын жардамы менен иш жүзүндө 10-30 мүнөттүн ичинде оорунун бар экендигин аныктоого болот. Тесттер ДСУ жана FDA тарабынан бекитилген », - деди ал.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз