Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түштүк-батыш көрүстөнү 1-январда жабылат. Бош турган жер тилкелери калган жок

Каза болгондордун сөөгү Гроздь айылында жерге берилет

Түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында жабылат. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Жабылышына сөөктү көмүү үчүн берилген жер тилкелеринин жоктугу, "Ала-Арча", "Жер-Ынтымагы" конуштарынын жашоочуларынан көрүстөндү жабуу өтүнүчү жана Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын, Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жана "Бишкекглавархитектура" ЖКнын корутундулары менен көптөгөн кайрылуулар келип чыккан.

Маркумдун сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Грозд айылында коюлат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх