Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын Баткен облусундагы жолугушуусу кичи футбол оюну менен аяктады

Кыргыз-тажик тилкесиндеги чек ара чатактарынын саны 3 эсеге азайган

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде, Баткен облусунун Кара-Бак конушунда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү 2020-жылга карата иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, кийинки мезгилге өз ара аракеттенүү пландарын макулдашышты.

 

Андан ары, чек ара заставаларынын башчылары үчүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылардын жүрүм-турум тилкесин сактоо боюнча биргелешкен практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Чек ара бөлүктөрүнүн башчылары чек аранын сүрөттөлө элек тилкелерин биргелешип кайтаруу боюнча тапшырмаларды такташты. Эки мамлекеттин аскер кызматкерлери чек арада укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга милдеттендирилди.

 

«2015-жылдан бери биз чек ара заставаларынын башчылары үчүн биргелешкен окуу сабактарын өткөрүп жатабыз. Окутуу аркылуу аскер кызматкерлери мамлекеттик чек арадагы кырдаалдын өзгөрүүсүнө ыкчам жооп кайтаруу механизмин иштеп чыгышат, биргелешкен иш-аракеттердин тартибин жана эки тарапты кызыктырган маалыматтарды ыкчам алмашуу тартибин аныкташат. Биргелешкен машыгуулар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чек ара инциденттеринин санын 3 эсе кыскартууга мүмкүндүк берген факторлордун бири болуп калды ", - деди Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев.

 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө 2014-жылы 32, 2020-жылы 9 окуя катталган.

Тажик чек арачылары менен жумушчу жолугушуу Баткен участкасында Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлүнүн кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш менен аяктады.

КРнын МЧАКК жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх