"Торугарт" өткөрүү пунктунда жарандарды жана унааларды өткөрүү убактылуу токтотулду
Бул чаралар Кытай тараптын демилгеси менен ишке ашырылды
Кытай тараптын демилгеси менен, техникалык себептерден улам бүгүн 10-декабрда Торугарт-Автобекети өткөрүү пункттарынан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын, унаа каражаттарынын жана товарлардын өтүүсү убактылуу токтотулду.
Бул өткөрүү пункттары 2020-жылдын 11-декабрында саат 9: 00дөн баштап иштей баштайт.
КРнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз