Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19дун чыгышы боюнча "118" Call-борбору жаңы режимде иштейт

Эми шаардыктарга эки нөөмөттө 12 адис консультация берет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КОВИД-19 пандемиясы боюнча алгачкы билдирүүлөрүнөн тартып шаардык муниципалитет шаардыктарды, шаарды коргоо иштерин баштаган.

6-апрелден баштап Бишкек шаарынын мэриясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Медициналык билим берүүнү реформалоо» швец долбоору жана «Кыргызтелеком» компаниясы менен биргеликте жарандарга алгачкы медициналык кеңеш берүү үчүн «118-өзүн өзү диагноздоо линиясы» долбоорун ишке киргизди.

Бүгүнкү күнгө чейин 121 миң 374 кайрылуу кабыл алынды, анын ичинен КОВИД-19 боюнча 13 миң 458 анкета толтурулду.

Колл-борбордун ишин оптимизациялоо жана шаардыктардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү үчүн шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына өткөрүп бердик.

Эми шаар тургундарына 12 адис (6 линия) 2 нөөмөттө, эртең мененки 8:00дөн түн ортосуна чейин кеңеш беришет. Белгилей кетсек, операторлордун курамы ҮМБнун жогорку билимдүү медициналык адистеринен түзүлгөн.

Эгер сиз ооруп жатканыңызды сезсеңиз, анда шаардын ҮМБ дарыгерлери менен кеңешип, оорунун алгачкы этабында алдын алсаңыз болот. Биздин нөөмөттөгү дарыгерлерибиз ар дайым сизге керектүү жардамдарды берүүгө даяр. ҮМБнун ишеним телефондору:

Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы: 31-87-67;
Ленин районунун БҮМБ: 0990 888030; 0312 644542
№ 2 ҮМБ: 0990 888028; 0312 210357
№ 11 ҮМБ: 0990 888029; 0312 311060
№ 12 ҮМБ: 0990 888031; 0312 211732
№ 13 ҮМБ: 0990 888032; 0312 657388
№ 17 ҮМБ: 0990 888033; 0312 551106
Октябрь районунун БҮМБ: 0990 888036; 0312 570291
№ 15 ҮМБ: 0990 888015; 0312 426962
№ 18 ҮМБ: 0990 888035; 0312 568233
№ 19 ҮМБ: 0990 888019; 0312 571367
Биринчи май районунун БҮМБ: 0990888071; 0312 325232
№ 7 ҮМБ: 0990 888072; 0312 662044
№ 14 ҮМБ: 0990 888073; 0312 678274
№ 16 ҮМБ: 0990 888074; 0312 541309
Свердлов районунун БҮМБ: 0701 103002; 0312 635123
№ 4 ҮМБ: 0701 103001; 0312 434007
№ 8 ҮМБ: 0701 103003; 0312 433907
№ 9 ҮМБ: 0701 103004; 0312 368830
№ 10 ҮМБ: 0701 103007; 0312 387814

Урматтуу шаардыктар! Чалыңыздар! Сураныч, өз алдынча дарыланбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек шаарынын мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх