Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (сүрөт)

Бул жылы мэрия каражаттарды оптималдаштыруу үчүн эски жасалгаларды колдонду

Салттуу түрдө өлкөнүн башкы балатыны жандыруу аземи борбордук "Ала-Тоо" аянтында өттү.

 

Шаардыктар менен биргеликте кыштын негизги көркү болгон балатыга Бишкек шаарынын мэринин м.а Балбак Түлөбаев, борбордун вице-мэрлери жана шаардык кызматтардын кызматкерлери келишти.

 

Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу жана кооздоо менен "Тазалык" жана "Бишкексвет" муниципалдык ишканалары алектенишкен.

 

Быйыл каражатты оптималдаштыруу үчүн мэрия эски жасалгаларды пайдаланды, алардын көпчүлүгү былтыркы жылы Жаңы жылдык майрамдардан кийин өзүнүн цехинде жасалган. Алар кылдаттык менен сакталып калган.

25 метрлик балаты 1,5 чакырымдык светодиоддук гирлянддар, 650 оюнчуктар, 100дөн ашуун кар үлпүлүктөрү жана улуттук колоритте оймо-чиймелер менен кооздолгон.
Борбор калаанын борбордук аянтын кооздоо үчүн "Бишкексвет" ЖКнын кызматкерлери өткөн жылы Ынтымак паркында кооздолгон светодиоддук жарык орнотулган туннел түрүндөгү эки инсталляцияны, эки көпүрөнү, 11 кичинекей ак бакты, 12 кар бөлүгүн, 20 чоң топту жана жаңы жылдык балатыны орнотушту.

Ортосунда 2021-жылдын башкы символу - кызыл диоддуу жана 2021 номери бар металлдан жасалган буканын орнотулушу.

 

Баса, мэрия жаңы жылдык инсталляцияларды акыркы Жаңы жылдык майрамдарда сактаган, "Бишкексвет" ЖКнын чеберлери оңдоп, баарын иретке келтиришкен.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бишкектиктерди Жаңы жылы менен куттуктайт!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх