Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ өкүлчүлүгү Москвадагы Кыргызстандын спортчулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

"Ак-Барс" спорт клубунда машыгып жаткан жаштарга уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө айтып беришти

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өкүлчүлүгү 2020-жылдын декабрь айында “Ак-Барс” спорттук клубунда бош убактыларында машыккан жаш кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Жолугушуу учурунда Өкүлчүлүктүн этникалык принциптер боюнча уюшулуп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалыматтар берилди. Спортчуларга коомдук тартипти бузбоо жана келген өлкөнүн мыйзамдарын так аткаруу керектиги айтылды.
Андан сырткары, спорттук клубдардын машыктыруучуларына өздөрүнүн окуучуларына физикалык даярдыктарын өнүктүрүү менен гана эмес, маданий жактан дагы тарбиялап, алдын алуу мүнөзүндөгү иштерди дагы ар дайым жүргүзүү керектиги сунушталды.


Элчилик, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын РФдеги Өкүлчүлүктөрү, кыргыз даиспоралары, коомдук уюмдар менен ар дайым байланышта болуулары айтылды. Элчиликтин расмий сайтын жана социалдык тармактарын карап туруу зарылдыгы, маселелер жаралган учурда ыкчам байланышка байланышуу керектиги түшүндүрүлдү. Бул иш-чарага катышкан спортчуларга бүгүн айтылган зарыл болгон маалыматтарды тааныштарына, жакындарына жана туугандарына, өзгөчө жаштарга жеткирүүгө чакырды.


Маектешүүнүн жүрүшүндө ар бир суроого жооптор берилди.
Кыргызстандыктарга укуктук маселелер боюнча кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргызстандык жаштарга мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүү мындан ары дагы уланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх