Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин райондук ИИБ Бишкек шаарынын тургундарын мыйзамсыз сакталган куралдарын өз ыктыярлары менен өткөрүп берүүгө чакырат

Милиция бул учурда жарандар жоопкерчиликтен бошотуларын эскертет

Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, абийирдүүлүктү көрсөтүүнү, милиция кызматкерлерине мыйзамсыз куралдарды, ок-дарыларды өз убагында аныктоодо жана алып келүүгө көмөктөшүүнү сунуштайт, ошондой эле аларды ушул буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө үндөйт.

Мындан тышкары, эгерде үйдө үй-бүлө мүчөсүнүн көзү өткөндөн кийин калган ок атуучу куралдары болсо (ал үчүн берилген жана мурунку уруксаты бар болсо), жакынкы РИИБге кабарлаңыз.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесине (Куралдын, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) ылайык, ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырган адам мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх