Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга аба сапатын текшерген 50 монитор белек кылды

Аспаптар күндүн батареяларын, сырткы калкандарды жана уюлдук байланышты камтыган кийинки муундагы абанын сапатынын сенсорлору

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов абанын сапатын аныктоочу «Clarity Node-S» 50 мониторун өткөрүп берүү салтанатына катышты.

Жабдуулар «Алматы - Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында борбордо жана ага жакын жайгкашкан райондордо абанын сапатын жакшыртуу эсебинен шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу жана калктын ден-соолугун сактоо максатында сатылып алынган.

Уран Ахметов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү, Кыргыз Республикасындагы банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Кэндис МакДейганга Бишкек шаарындагы абанын сапатын ченөөнү жакшыртуу боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Көрсөтүлгөн жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигине берилет жана жаңы муундагы датчиктер өзүнө күн батареяларын, тышкы факторлордон коргой тургун экранды камтып, реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин веб-сайтына жиберип турат.

Катуу бөлүкчөлөр (РМ1, РМ2.5, РМ10) жана азот кычкылын жабдуулар аркылуу өлчөө менен Бишкек шаарынын абасынын булганышынын негизги булактарын, анын ар кайсы райондорундагы калкына тийгизген таасирин аныктоого жардам берет. Натыйжада, бул абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет.

Буга катар абанын сапаты тууралуу маалыматтардын жарыяланышы абанын сапаты калктын ден-соолугуна тийгизген таасири жана анын себептери тууралуу маалымдар болуусун жакшыртуга көмөк берет.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх