Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда колунда жок үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча ачылды

Шаарча "Катар" кайрымдуулук фонду тарабынан курулган

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү.

Социалдык шаарча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Катар кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Социалдык шаарчада 14 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).

Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты.

ЭКӨМ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх