Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нейропсихиатриялык оорукананын балдары Талант Мамытовго сүрөт белекке беришти

Социалдык мекеменин тарбиялануучулары  президенттин м.а өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 21-декабрда, Жалал-Абаддагы балдардын психо-неврологиялык социалдык стационарынын жаңы имаратын көрүп чыкты.

Мекеменин директору Дамира Алимжанова берген маалыматка караганда, аталган имарат 1936-жылы карылар үйү катары ачылган. 1970-жылы ал балдар психоневрологиялык интернатына айланган. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар баш калкалашат. Мекеме 110 орунга ылайыкташкан, учурда анда 87 бала тарбияланууда.

Мекеменин негизги имараттары 80 жылдан ашуун убакыт мурун курулгандыктан дээрлик бардыгы авариялык абалга келген. Акыркы жылдары имаратты жаңылоо жана аны материалдык-техникалык жактан чыңдоо аракеттери көрүлгөн.

2019-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Бирлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, бардык шарттар менен камсыздалган заманбап жаңы имарат курулуп, эмеректери жана шаймандары жаңыланган.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов социалдык мекеменин имаратын көрүп чыккан соң, ага чыгармачылык өнөрлөрүн көргөзүп, сүрөттөрүн тартуулаган балдардын ал-акыбалын сурады. Мындан сырткары, Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу стационардын эмгек жамааты менен баарлашты.

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүү мамлекеттин милдети жана бул милдеттенмелер сиздер — эмгек жамааты аркылуу жүзөгө ашырылууда. Биз сиздердин эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Сиздердин берилгендик менен иштеп жатканыңыздар баарына үлгү болууда», — деп белгиледи Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов ар бир облуста мындай мекемелерди, анын ичинде күндүзгү стационарларды да ачуунун маанисин баса белгилеп, мындан ары дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата мамлекет тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөрүнө токтолду.

Каржы жагынан колдоо көрсөтүү максатында, Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационарынын жетекчилигине 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Муну менен катар Президенттин милдетин аткаруучу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн абалы менен таанышып, бейтаптарга кирип, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле Талант Мамытов калктын ден-соолугуна кам көрүү менен иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Медицинада кесипкөйлүк биринчи орунда турат, биздин дарыгерлердин күжүрмөн эмгегинин аркасында жарандар керектүү жардамды ар дайым ала алышат. Көбүнчө жарандар зарыл медициналык кызматтарды алуу үчүн борборго кайрылышат. Биз облустарда жана райондордо заманбап медициналык мекемелерди ачуу менен калктын жер-жерлерде жогорку деңгээлдеги медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтишибиз керек», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

 Президенттик аппараттын басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх