Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда соттолбогондугу жөнүндө маалымат тактаманын тез арадагы баасы канча турат?

Маалыматты 1 же 3 күндүн ичинде алууга болот, ал эми бир жуманын ичинде документ акысыз берилет

Жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө тактаманы, соттолбогондугу жөнүндө тактаманы акы төлөмө жана бекер негизде төмөнкү даректе жайгашкан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн борборлор берет:
1. Чүй облусу, Бишкек шаары – Бишкек, Курманжан Датка көчөсү №115 (Чүй ОИИББдин имараты);
2. Жалал –Абад облусу- Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү №37;
3. Ош облусу- Ош шаары, Ленин көчөсү №199;
4. Баткен облусу- Баткен шаары, Раззаков көчөсү № 4;
5. Нарын облусу - Нарын шаары, Ленин көчөсү № 27;
6. Ысык – Көл облусу- Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №146 «а»;
7. Талас облусу- Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191
Жарандар ар бир областтан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн ИИОнун имараттарында жайгашкан:
- Чүй облусу, Жайыл районунун жана Токмок шаарынын ИИБде;
- Жалал-Абад облусу, Ала-Бука жана Токтогул РИИБде, Каракөл жана Таш-Көмүр шаардык ИИБде,
- Ош облусу, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн РИИБде;
- Баткен облусу, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү ШИИБде, Кадамжай жана Лейлек РИИБде;
- Нарын облусу, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-башы РИИБде;
-Ысык-Көл облусу, Балыкчы ШИИБде, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң РИИБде;
- Талас облусу, Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата РИИБде.
Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:
- 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;
- 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.
Бекер негизде берилсе - 7 күндүн ичинде берилет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандар өзүнүн жеке идентификациялык номурун акы төлөй турган терминалга киргизүү керек, анын негизинде гана арыз автоматтык түрдө кызматтык көрсөтүүгө акы төлөгөндөн кийин автоматтык турдө кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон жана пунктардан даяр тактаманы алуу үчүн өздүгүн тактай турган домументтерди көргөзүш керек.
Андан сырткары, жарандар https://portal.tunduk.kg мамлекеттик электрондук порталына тактамаларды алуу үчүн арыздарын берсе болот.
Маалымат алуу үчүн телефондор: +996 312 369417, +996 312 369418.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх