Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан COVID-19га каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алат

Бул КРнын калкынын 20% дан ашыгына коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет

Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө, медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловго аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусу жана кыска мөөнөттө өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте медициналык кызматкерлер арасында медициналык жабдууларды белгиленген эрежелерге ылайык пайдалануусу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иши жүргүзүлөт.

«Ар бир жетекчиге медициналык кызматкерлердин инструктажы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт», - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Андан соң кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматы угулду.

Белгиленгенедей, COVAX (вакциналар боюнча глобалдык альянс) глобалдык демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 млн 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Натыйжада, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң, өлкөнүн 20% ашуун калкын вакцинациялай алат.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, өзгөчө басым аталган тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышына жасалды.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх