Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бала бакчалар арасында "Жаңы жылдык чеберчилик-2021" сынагы өттү

Иш-чара балдарга майрамдык маанай түзүү жана эстетикалык тарбия берүү максатында уюштурулган

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы "Жаңы жылдык чеберчилик-2021" сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Чыгармачылык таймаш борбордогу бала бакчалардын ортосунда бала бакчаларда майрамдык жаңы маанайды түзүү, балдарды эстетикалык тарбиялоо, жамааттын чыгармачыл активдүүлүгүн колдоо, балдарды көркөм чыгармачылыкка тааныштыруу, балдардын, алардын ата-энелеринин жана колдонмо искусствосу боюнча кызматкерлердин чыгармачыл активдүүлүгүн колдоо максатында өткөрүлдү.

Биринчи орунду №112 Балдарды өнүктүрүү борбору (БББ) ээлесе, экинчи орунду №82, №100, №37 бала бакчалары бөлүштү.Үчүнчү орунду №66, №85, №5 бала бакчалары алды.

Мелдешке катышкандыгы үчүн 18 команда жана 5 ата-эне Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх