Кыргызстанда 30-декабрга карата 189 жаңы COVID-19 учуру катталды
Бир күндө бир өлүм катталды
Кыргызстанда 30-декабрга карата 189 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 65, Чүй облусунда - 63, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 10, Баткен облусунда - 8 адам.
Алардын арасында төрт медициналык кызматкер бар.
Күндүн ичинде 290 кыргызстандык айыгып кетти.
Стационардык дарылоо - 1165, амбулатордук - 1791 бейтап.
Бир өлүм катталды.
Алина Осмонова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз