Унаа базардын аймагында бак-дарактар массалык түрдө кыйылууда. Сокулук районунун акимине тактоо
Аманкан Кенжебаев белгилегендей, кыйуу иштери өкмөт менен макулдашылган
Военно-Антоновкада, Риом-авто базарынын аймагында, бак-дарактарды массалык түрдө кыюу жүрүп жатат. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу жарыялады. Автордун айтымында, эч кимге тоскоол болбогон, жолду тоспогон жана дүмүрлөр менен сөңгөктөргө караганда жакшы абалда болгон бак-дарактар кыйратылууда.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевден түшүндүрмө сурады, ал бул иш-аракеттер өкмөт менен макулдашылган деп түшүндүрдү.
"Бак-дарактарды кыюу жолдорду кеңейтүү максатында Кара-Балта-Бишкек автожолун калыбына келтирүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат", - деди район башчысы. - Военно-Антоновка айыл өкмөтүндө иш-аракеттердин мыйзамдуулугун тастыктаган документтер бар. Ошондой эле, Транспорт жана жолдор министрлигине керектүү документтерди бердик.
Кенжебаевдин айтымында, Военно-Антоновка айыл өкмөтүндө бак-дарактар чогултулуп, сакталды. Бак-дарактарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы бар. Көз карандысыз баалоочулардын келиши дагы күтүлүүдө. Долбоорго ылайык, чоң бак-дарактар сатылып, ал эми кичине бактары отун кезегинде турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.
- Долбоорго ылайык, ордун толтуруу үчүн жаңы бактар 1: 2 катышында отургузулат. Долбоорду ишке ашыруу, башкача айтканда, жолдорду куруу жана бак-дарактарды отургузуу иштерин Кытай тарап өз мойнуна алган. Акчаны Азия Өнүктүрүү Банкы 100 миллион доллар өлчөмүндө бөлүп берди, деп сөзүн аким жыйынтыктады.
Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www