Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында кар жаайт. Түн ичинде муниципалдык кызматтар болжол менен 164 тонна техникалык тузду сарпташты

Бүгүнкү күндө линияда 25 кар тазалагыч бар

Бүгүнкү күндө жолду эксплуатациялоо башкармалыгынын (ДЭУ) 25 кызматкери 37 бирдик атайын техникаларды тартуу менен сапта турушат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 мини-трактор "Беларусь", 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 алдыңкы жүктөгүч.

Бишкек шаарында кадимкидей эле катуу таштандыларды чыгаруу үчүн 640тай тазалагыч, 123 жүктөгүч, санитардык тазалоо кызматкерлери жана жүздөн ашуун адамдан турган топ бар. Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган.

 

Эртең менен саат 8: 00дө болжол менен 164 тонна техникалык туз сарпталды.

 

Таза шаар үчүн күрөш жүрүп жатат. Калган аймакта карларды, муздарды тазалоо, унаа жолдоруна жана тротуарларга туз себүү үчүн жарандар борбордук мэриянын WhatsApp номерине: 0554 182 185 же күнү-түнү 1840 жана 1850 номурларына чалып, суранычтарын жөнөтө алышат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх