Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги: ЖОЖдордо билим алууга эч кандай жеңилдиктер болбойт. Бөлүп төлөөгө болот, мисалы 500 сомдон

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин башчысынын орун басары окуучулардын ата-энелеринен түшүнүү менен мамиле кылып,жолугууну суранат

Университеттерде окууга жеңилдиктер болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйынында билдирди.

- Университеттер келишимдин эсебинен иштейт, ошондуктан биз билим берүүгө жеңилдик жасай албайбыз, - деди Өмүров. - Пандемия учурунда окуу онлайн режиминде өткөнүнө карабастан, биз иштөөбүздү токтоткон жокпуз. Окутуу үчүн атайын аянтчалар жана шаймандар биз тараптан сатылып алынды. Биздин мугалимдер атайын окуу курстарынан өтүштү. Биз коммуналдык кызматтарга, социалдык төлөмдөргө жана коопсуздукка төлөшүбүз керек болчу. Студенттер ЖОЖдорго кириши керек болгон мезгилде биз аймактарды кыдырып, алардын киришине бардык шарттарды түзүп бердик. Биздин тараптан, уюлдук оператор менен биргеликте окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты жеңилдетүү максатында Мугалим тарифи түзүлдү.

Министрдин орун басары студенттердин ата-энелеринен түшүнүү күтөт деп кошумчалады.

"Биз мындай кырдаалга биринчи жолу туш болдук, анткени буга чейин биз эч качан пандемияга күбө болгон эмеспиз жана онлайн режиминде окуган эмеспиз", - деп улантты Өмүров. - Ата-энелер бизди түшүнүп,  жолугат деп ишенем. Жок дегенде 500 сомдон келишимдерди бөлүп-бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк болот. Кантсе да, окуу форматы жакын арада оффлайн режиминде болот, ошондой эле коронавирустун алдын алуу жана студенттердин ден-соолугуна кам көрүү үчүн каражат керек болот.

Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх