Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо аянтында жаңы-жылдык балатыны алуу иштери башталды (видео)

Азыр муниципалдык кызматкерлер оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып жатышат

Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы  башкы балатыны алуу иштери бүгүн башталды. Биринчилерден болуп, "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери башташты, алар эми оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып жатышат,ал эми балатынын өзүн "Тазалык" МИсы  алып салат.

Мындан  мурун, "Бишкексвет"   муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтындагы  жана Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жанындагы, Ак үйдө орнотулган балатыларды демонтаж кылган.

Конструкцияларды бөлүктөргө бөлүп, кылдат сактоо үчүн кампаларга алып кетишет.

Эске салсак, быйыл пандемияга байланыштуу Бишкек мэриясы эски жасалгалоо буюмдарын колдонуп, анын көпчүлүгү былтыркы жылы өзүнүн устаканасында жасалган. Жаңы жылдык майрамдардан кийин аларды сактап калышкан.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх